Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун 3-март күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!🇰🇬 Мамлекеттик туубуз — эгемендүүлүгүбүздүн, биримдигибиздин жана эркиндигибиздин ыйык белгиси. Кызыл туубуздагы алтын күн менен түндүк — ата-бабаларыбыздын мурасын, элдин ынтымагын жана жаркын келечекке болгон үмүтүн чагылдырат. Ар дайым асманыбыз ачык болуп, өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрсүн! Ар бир үй-бүлөгө береке, ынтымак жана бакубат жашоо каалайбыз. Мамлекеттик туубуз бийик желбирей берсин! Кыргызстаныбыз өнүгө берсин!🇰🇬✨
Комментарии