8-Март аялдардын эл аралык күнүнө карата мугалим агайлар жана окуучулар тарабынан чакан концерттик программа уюштурулуп маанайдык маанай тартуулашты.🌷 Урматтуу айымдар! Сиздерди 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Аялзаты — мээримдүүлүктүн, сулуулуктун жана чыдамкайлыктын символу. Сиздер үй-бүлөгө жылуулук берип, коомдун өнүгүшүнө чоң салым кошуп келесиздер. Бул өзгөчө күнү сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерде чоң ийгиликтерди каалайбыз. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, жашооңуздар кубанычка жана жакшылыкка толо берсин! 🌸 Майрамыңыздар менен!
Комментарии