№72 Кесиптик лицей Кадамжай району

Биз жөнүндө

ЛИЦЕЙДИН ТАРЫХЫЙ МААЛЫМАТЫ.

Биздин № 72-Кесиптик Лицей 1974-жылы Кыргыз ССР нын  Министрлер Советинин

1974-жылдын 10 апрелиндеги № 188-токтому  жана Кыргыз ССР нын Мамлекеттик профессионалдык билим берүү комитетинин 1974-жылдын

28-июнундагы № 158 токтому менен  Совет  поселогунда № 26 шаардык кесипчилик –техникалык окуу жайы болуп 1974-жылы ачылган.

Ошол убакытта биздин поселокто Кан коргошун комбинаты жоюлуп, анын ордуна  Кан мебелдик фабрикасы ачылган. Фабрикага  жумушчу  кадрларды  даярдоого жаңы ачылган № 26- ГПТУ га тапшырылган.

Училища 1974-1075-окуу жылында биринчи окуу жылы болуп эшигин ачкан.Окуу жайдын карамагына: окуу корпусу, ашкана, өндүрүштүк устаканалар жана Баткен  облусунун райондорунан келип окугандар учун 250 орундук жатакана болунуп берилген.

Биринчи окуу жылында : «Жыгач уста» «Жыгач иштетуунун станочниги» мебель боюнча «Столяр» профессиялары боюнча тайпалар ачылып , аларга  175 окуучу  кабыл алынган.Окуу жайын биринчи ачып, ушул жерде иштегендер: директор-Атажанов Махмуд Атажанович, орун басарлары-Кононов Виктор Степанович, Бапыгулов Жалил Бапыгулович.

Окуу жайы ачылгандан кийин биринчи жылын жашылдандыруу , көрктөндүрүү реконструкция иштери жүргүзүлгөн.

1977-1978-окуу жылынан баштап, Суеров А  директор болуп, анын орун басарлары-Исраилов Б, Турдубаев А, улуу устат –Насридинов А дайындалган.Ушул жылдан

Сүлүктү шаарында филиал ачылган.Окутуучулардын саны 270 ке жеткен.

1979-жылдан 2000 –жылга чейин К М Маматкулов директор болуп иштеген.

1980-1981-окуу жылында училища орто билим берүүчү окуу жайына өткөрүлгөн.Ушул жылы «Витражист» тайпасы ачылып, сүрөтчүлөр даярдала баштаган.Ошондой эле «Сүрөтчү, жыгачка сүрөт салуу» тайпасы ачылып, аны Абрамов атындагы көркөм  училищаны бүтүрүп келген Вашев Альберт жетектеген.

Кабинеттик системага өтүлгөн, баардык кесиптер боюнча төмөнкү  кабинеттер ачылган: Физика, химия, биология, математика.

Ушул жылы «Тигүүчү-мотористка» тайпасы ачылып, окуучуларга билим бериле баштаган.

2000-жылдардан кийин Токтоматов К,  Мусаев, Досатов Д М окуу  жайды жетектеген.

Д. Досатов жетектеген мезгилде окуу жайга көптөгөн жаңылыктар киритилген.Окуу жайдын жатаканасы капиталдык ремонттон өткөн.Жатаканага заманбап эмеректер алып келинген.Жатаканада  окуучулардын сабактарга даярдануусу  үчүн  стол стулдар бар.Жаңыдан мончо курулган, жер титирөөнүн  натыйжасында  жараксыз  абалга келгендиги үчүн  өндүрүштүк  устакана башка жерге көчүрүлүп, өндөлгөн.Окуучулардын кесип үйрөнүүсү   үчүн керектуу эмеректер менен жабдылган. Жетекчилик  мезгилинде Досатов Дастан Мамасыдыкович көптөгөн уюмдар менен тыгыз иш алып барып, окуу жайдын өнүгүшүнө  өтө чоң  салым кошкон.

2017-жылдан баштап окуу жайды Асанов Базарбай Айдаркулович жетектеп келген.Окуу жайда   кабилдуу  интернет  иштеп турат.Окуу каналарында  интерактивдуу доскалар бар.Окуучуларга билим берүүдө 13 мугалим 12 устат эмгектенип келет.

2023-2024-окуу жылында    Ахмедова  Гулойим  Маджитовна  убактылуу директор  кызматында иштеп, окуу жайды жетектеп келген.

2025-жылдын -окуу жылында   Боркошов Шүкүрбек Бектемирович директор  кызматында иштеп, окуу жайды жетектеп келген.

Учурда Йулдашова Надирахон Марибжоновна жетектеп келет.

Азыркы учурда окуу жай Кыргыз  Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу  Башталгыч кесиптик билим берүү  башкармалыгына   карайт.

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета